Биз менен байланышыңыз

Төрага Жумабеков Түркия Парламентинин башчысы менен телефондо сүйлөштү

Кыска кабар | 28 мая 2020 | 673 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Баарлашууда тараптар кыргыз-түрк алакасына жана парламенттер аралык кызматташтыкка, анын ичинен Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын алкагындагы байланыштарга тиешелүү маселелерди талкуулашты. Ошондой эле парламент nөрагалары коронавирус илдетинин жайылышына каршы күрөшүү көйгөйлөрүнө да токтолушуп, пандемия шартында тыгыз кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилешти.

Эскерте кетсек, телефондук сүйлөшүү Түркия тараптын демилгеси менен уюштурулду.

Copyright © 2017 Maral FM