Биз менен байланышыңыз

Күйүүчү майды мыйзамсыз ташуу фактылары аныкталды

Кыска кабар | 27 Апр 2024 | 183 | 0

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Чүй облусунда күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташуу фактыларын аныкташты.

Ведомстводон такташкандай, «Сосновка» постунда 4 миң литр күйүүчү майды мыйзамсыз ташуу фактысына бөгөт коюлган.

Ошондой эле Ысык-Ата районунда рейддик салык көзөмөлүнүн жүрүшүндө тиешелүү документтери жок 3 тоннага жакын күйүүчү май ташыган унаа кармалды.

Продукция тартып алынып, транспорт каражаттары айып токтотуучу жайга киргизилди. Материалдар сот органдарына өткөрүлүп берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM