Биз менен байланышыңыз

Жумабеков: Бир күн келет, биз жасаган иштерге баа берилет (видео)

Кыска кабар | 4 Июн 2020 | 2698 | 0

“Бир күн келет, биздин жасаган кадамдарга, мамлекетке, элге жасаган ишибизге баа берилет”. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков 4 -июнь парламентаризм күнүнө карата айтты.

Ал парламент трибунасында сөз сүйлөп жатып, Жогорку Кеңештин дарегине ачуу чындыктар, кемчиликтер айтылып жатканын, эл өкүлдөрү аларды оңдоого дайыма аракет кыларын белгилейт.

“VI чакырылыш элдин элегинен өтүп келип, бүгүнкү күндө парламентте 6 фракция элге кызмат кылып келебиз. Арийне, бул жерге элдин добушун алып келиш оңой нерсе эмес. Анын баары мыйзам менен камтылып, элге берген убадаларды аткарабыз деп вазыйпабызды аткарып келебиз. Бул чакырылыштын депутаттары эбегейсиз чоң иштерди жасады деп айтсам жаңылышпайм. Анын ичинде мамлекеттик, социалдык багытка иштеген жакшы мыйзамдарды кабыл алып бердик. Коррупция менен күрөшүүдө, саясий чечим чыгарган токтом долбоорлоруна колдооңуздарды билдирдиңиздер. Бул да болсо мамлекеттин өнүгүшүнө чоң салым кошту. Биздин кабыл алган мыйзамдар, жасаган иштерибиз бүгүнкү күндө сезилбей жатса керек, бирок бир күн келет, биздин жасаган кадамдарга баа берилет”- деди Жумабеков.

Бүгүн, 4-июнь Кыргызстанда парламентаризм күнү. Эгемен Кыргызстандын туңгуч Жогорку Кеңеши болуп «легендарлуу парламент» аталган Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин 12-чи чакырылышы расмий түрдө эсептелет.

1995-жылдан 2000-жылга чейин депутаттар Жогорку Кеңешке мажоритардык система аркылуу шайланган. Ал парламент эки палатадан турган — Мыйзам чыгаруу жыйыны жана Эл өкүлдөр жыйыны.

2000 —2005-жылдар аралыгында Кыргызстанда экинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өз ишин жүзөгө ашырган. Ал 105 депутаттан турган. 1998-жылдагы үчүнчү конституциялык реформанын жүрүшүндө шайлоо системасына өзгөртүүлөр киргизилген жана кыргыз парламентинин палаталарынын сандык курамы кайрадан каралган.

Кийин Мыйзам чыгаруу жыйыны 60 депутаттан туруп, алардын 15и партиялык тизме боюнча шайланган. Эл өкүлдөр жыйыны 45 депутаттан турган.

2010-жылдын 27-июлунда кабыл алынган Конституцияга ылайык Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын кеңейтилиши менен бирге анын жоопкерчилиги да күчөтүлгөн.

VI чакырылыштын депутаттары 2015-жылы келген. Шайлоо 4-октябрьда өткөн. Шайлоого 14 саясий партия катышып, 6 саясий партия Жогорку Кеңешке өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM