Биз менен байланышыңыз

Жумабеков өкмөттү коронавирустун экинчи толкунуна даярданууга чакырды

Кыска кабар | 22 мая 2020 | 4432 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков премьер-министрди коронавирус инфекциясынын экинчи толкунуна даярданууга чакырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Дастанбек Жумабеков Кыргызстандын экономикасы жана медицинасы туш болгон кыйынчылыктарды белгилөө менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди коронавирус инфекциясынын экинчи толкунуна даярданууга үндөдү.

Ал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттеринин «күзүндө вирус жайылышы мүмкүн» деген божомолуна таянып, жайылышынын алдын алуу үчүн бюджетте каржылык ресурстардын запастарын сактоо зарылдыгын айтты.

Коронавирустун экинчи толкунунан кантип коргонуу керек?

Copyright © 2017 Maral FM