Биз менен байланышыңыз

Коронавирустун экинчи толкунунан кантип коргонуу керек?

Дүйнө , Кыска кабар | 22 мая 2020 | 1215 | 0

Кытайлык эксперт коронавирустун экинчи толкунунан кантип коргонуу керектигин айтып берди.

Кытайлык жугуштуу оорулар боюнча илимпоз Чжан Вэньхонг өлкөлөрдү коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөш ар кандай баскычтарында экенин эстен чыгарбоого үндөдү.

Анын айтымында, көпчүлүк өлкөлөр жолдун ортосунда, ал эми Кытай акыркы баскычка чыкты.

-Көрүлгөн чараларга карабастан, эл аралык каттамдар ачылганда, инфекцияны алып жүрүүчүлөр дагы деле кездешет, — деди Чжан.

Илимпоз ошондой эле илдетти симптомсуз алып жүрүүчүлөр бар экендигин белгиледи.

Анын айтымында, өлкөлөрдүн саламаттык сактоо системалары мындай өзгөрүүлөргө даяр болушу керек.

Эксперт гигиена эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи: колду тез-тез жууп, беткап тагынып, социалдык аралыкты сактоо зарыл.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Орусиядагы өкүлү Мелит Вуйнович коронавирус эпидемиясынын биринчи толкуну жабыркаган аймактарда экинчи толкун болушу мүмкүн экенин эскерткен.

Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавирус менен ооругандардын саны беш миллиондон ашып, илдеттен 329 миң адам көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM