Биз менен байланышыңыз

Дастанбек Жумабеков Орозо айт майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 24 мая 2020 | 879 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков ыйык Орозо айт майрамына карата баардык мусулмандарды куттуктады.

Төрага өз куттуктоосунда, Жогорку Кеңештин жана жеке ѳзүнүн атынан Орозо айт майрамы менен куттуктап, ар бир үйгѳ, бардык үй-бүлѳгѳ ѳзгѳчѳ жылуулук, кубаныч, ынтымак-ырашкерлик, бакубатчылык, тынчтык каалады.

«Орозо айт – отуз күн туткан ыйык орозобуздун руханий тазаруу, боорукердик, кайрымдуулук сыяктуу ѳзгѳчѳ касиеттерин жалпыга жайылтат. Бул майрам мусулмандарды баш коштуруп, дилин бириктирип, боордоштук, бир туугандык байланыштарын чыңдайт, жалпы дүйнѳнү кайрымдуулукка үндөйт.

Бул жылы ыйык Орозо айы коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучуна байланыштуу катаал чектѳѳлѳрдүн шарттарында ѳттү. Бирок кѳптѳгѳн кыйынчылыктарга карабастан, бул ай ынтымак-ырашкерликке, ырыс-кутка жана айкѳлдүккѳ чулганып турду. Карантин жана Орозо айы учурунда кыргызстандыктар ѳздѳрүнүкүнѳн ѳзгѳлѳрдүн муктаждыктарын жогору коюшту, колдоого жана коргоого муктаж болгондорго ѳзгѳчѳ камкордук кѳрүштү. Мындай ыйман-ыкластуу аракеттер Исламдын чыныгы осуяттарын даңазалайт» , — деп айтылат төрага Дастанбек Жумабековдун куттуктоосунда.    

Copyright © 2017 Maral FM