Биз менен байланышыңыз

Баткен: Эки жабырлануучуга операция жасалууда

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 253 | 0

16:30га карата медициналык жардам алууга кайрылган жабырлануучулардын саны 11 адамды түздү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Алардын ичинен бирөө амбулатордук түрдө дарыланып, ар түрдүү жараат алган калган жабырлануучулар Баткен облусунун ооруканаларына жаткырылды.

Самаркандек жалпы медициналык практика борборуна 2 жабырлануучу жаткырылды, алардын абалдары канааттандырарлык;

Лейлек жалпы медициналык практика борборуна – 1 жабырлануучу жаткырылды, абалы орто оор.

Баткен облустук бириккен ооруканасына ок жеген 7 жабырлануучу жаткырылды, алардын үчөөсүнүн абалы орто оор, калган төртөөнүн абалы жеңилирээк деп бааланууда. Азыркы учурда эки жабырлануучуга операция жасалып жатат.

Ош шаарынан 5 адиси менен бригада жөнөтүлдү. Андан тышкары Бишкек шаарынан министрдин орун басары Жалалидин Рахматулаев башында турган 9 адис учуп кетүүгө камданууда.

Copyright © 2017 Maral FM