Биз менен байланышыңыз

Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде 1-орунду сактап калды

Кыска кабар , Спорт | 4 мая 2024 | 711 | 0

Грек-рим күрөшү боюнча 60 килограммга чейинки салмак ченинде Азиянын үч жолку чемпиону кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде 1-орунду сактап калды.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун жаңыланган рейтинги Бишкекте өткөн Азия чемпионатынын жыйынтыгы боюнча түзүлдү.

Жоламан Шаршенбеков Бишкекте өткөн Азия чемпионатынын финалында жапониялык балбан Кайто Инаба менен күч сынашып, атаандашын 11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, Азия чемпионатынын үч жолку чемпиону болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM