Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр боюнча сүйлөшүү бүгүн да болот

Кыска кабар , Саясат | 18 Апр 2021 | 2179 | 0

17-апрель күнү Тажикстан менен чектешкен Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагында эки элдин ортосунда пикир келишпестик жаралган. Бул тууралуу аталган облустун маалымат кызматы билдирди.

Чыр жараткан окуя Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында чыккан. Баткен райондук суу чарба ишканасынын кызматкерлери аталган жерде оңдоп-түзөө жумуштарын жүргүзүп жаткан учурда Тажикстандын чек арачылары келип ишти токтотууну талап кылышкан. Натыйжада эки жак талашып-тартыша кетишкен.

«Окуя болгон аймакка Баткен жана Исфара райондорунун акимдери башында турган тийиштүү жетекчилер барып, сүйлөшүүлөр жүрдү. Кыргыз өкмөтүнүн Баткендеги өкүлү Өмүрбек Суваналиев жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да аймакта болуп, облус башчысы Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү.Тараптар бул маселе боюнча 22-апрелде Өзбекстандын Фергана шаарында өтүүчү форумдун алкагында жолугуп, талкуулоону макулдашышты», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми 18-апрелде Баткен жана Исфара райондорунун акимдеринин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр уланат.

Белгилей кетсек, оңдоп-түзөө жумуштарынын негизги бөлүгү аяктады. Маалыматта тажик тараптын жумуштарды биргеликте жасоо талабына кыргыз тарап макул болбогону айтылды. Учурда Баткен облусунун чек аралаш аймактарында абал туруктуу

Copyright © 2017 Maral FM