Биз менен байланышыңыз

Өзгөн районунда да сел жүрдү

Кыска кабар | 26 Апр 2024 | 206 | 0

Кечээ, 25-апрель күнү саат 23:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагынын Корсетти айылында сел жүрүп, бир турак үйдүн короосун жана ички чарбалык унаа жолду каптаган, унаа жол ачык.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

20-апрелден 24-апрелге чейин жааган нөшөрлүү жаандан улам Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарынын аймактарында сел жүрүп, турак үйлөрдү ичин жана короолорун суу каптап, унаа жолдор жабылган. Селдин кесепетинен эки жаран каза болгону кабарланган.

Селдин кесепеттерин жоюу максатында Ош облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM