Бишкекте бүгүн, 28-мартта саат 08: 30да Өзгөчө кырдаалдар министринин куткаруу кызматына Термечиков көчөсүндө эркек киши контейнердин астынан башын чыгара албай жаткандыгы боюнча кайрылуу түшкөн.
Окуя болгон жерге 5 куткаруучу барып, атайын шаймандардын жардамы менен контейнерди көтөрүп, эркек кишинин башын чыгарышкан.
Жабырлануучу медициналык жардамга муктаж болбогондугун билдирген.