Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстанда улгайгандардын эркин жүрүүсү чектелет

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Ноя 2020 | 509 | 0

Түркмөнстан бийлиги инфекциялык оорулардын жайылуусунун алдын алуу максатында улгайгандардын эркин жүрүүсүнө чектөө киргизди. Айта кетчү жагдай, бул өлкөдө коронавируска чалдыккандар расмий катталган эмес.

«Түрмөнстанда курч инфекциялык оорулардын жайылып кетүүсүнүн жана вирусту ташып келүүлөрдүн алдын алуу максатында иммунитети алсыз, анын катарында 50 жаштан өткөн жарандарга шаар жана облус аралык каттамдарда жүрүүгө чектөөлөр киргизилет», — деп маалымдайт «Orient» порталы.

Ошондой эле жашы 50дөн өткөн кызматкерлерди иш сапарга жиберүүгө тыюу салынды.

Түркмөнстанда COVID-19га чалдыккандар расмий катталбаганы менен, өлкөдө беткап тагуу режими сакталып, транспортто, маданий жайларда, соода борборлорунда бир катар чектөөлөр киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM