Биз менен байланышыңыз

Альпинист Эдуард Кубатов Гиннес рекорддор китебине кирди

Кыска кабар | 8 мая 2024 | 355 | 0
Эдуард Кубатов, 2023-жыл.

Эверест чокусун багындырган белгилүү альпинист, Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын жетекчиси Эдуард Кубатов Гиннес рекорддор китебине кирди.

Бул тууралуу альпинист Илим Карыпбеков кабарлады.

«Жакын арада Guinness World Records биздин мекендешибизди дүйнө рекордунун ээси катары каттады. Эдуард Жумакадырович тарыхта Манаслу чокусуна — 8163 метр бийиктикке кычкылтексиз чыккан эң жашы улуу эркек адам болуп таанылды. Дүйнө рекордунун ээси болуп планетада бир ууч эле адам таанылат. Сиз ошонун бири болуп калдыңыз» , — деди ал.

Эдуард Кубатов апрель айынан июль айына чейин дүйнөдөгү эң татаал Лхоцзе, Макалу жана К2 чокуларына чыгууну пландап, кеткен. Чокуга көтөрүлүү кычкылтекти колдонбостон, “сплит” режиминде жүргүзүлөрүн айткан.

Кыргызстандык Эдуард Кубатов жердин эң бийик чокусу Эверестти 2021-жылы 23-майда багындырган.

Ал 52 жашта. Атайын кызматтын отставкадагы подполковниги. 2013-жылдын 3-февралында ал мүчө болгон альпинизм экспедициясы Түштүк Американын Аконкагуа тоосуна Кыргызстандын желегин орноткон.

Мамакеев Гиннес рекорддор китебине кирди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM