Кыргызстандык белгилүү хирург, Кыргыз Эл Баатыры Мамбет Мамакеев Гиннес рекорддор китебине кирди.
Ал хирург катары эң узак убакыт эмгектенген. Гиннесте анын карьерасы 67 жыл, 181 күн деп белгиленген.
Рейтинг 2020-жылдын 29-февралында жарыяланган.
Медицина илимдеринин доктору, профессор Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында төрөлгөн. Ал Кыргызстандагы Медициналык академияны бүтүргөн. СССР убагында Жогорку Советтин депутаты, эгемендик жылдарында Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын 2004-жылы алган.
Мамбет Мамакеев: Кыргыздын башы — мыкты баш!