Кыргызда «Өмүрүӊө береке», «Колуӊа Кудай күч-кубат берсин», «Жамандык көрбө, айланайын» деген чыныгы ыраазычылык баталары бар. Анан кызыгы, ар бир кыргыз «Бата менен эл көгөрөт» дегенге ишенет. Мен бул сөзгө бүгүн дагы бир ирээт ынандым…
Өз ишин мыкты билген, 68 жылын адам өмүрүн сактоого арнаган, анан ошол жылда 30 000 (отуз миӊ) операция жасаган 92 жаштагы ак сакал дарыгер менен болчу маекти көп жыл күткөм. Деги эле эмгекчил, көп изденип, көп окуган адамга болгон сыйымдандыр бул. Башка ММКна чыккан маектерин окуп, үлгү алган жайым бар эле…
«Адам кааласа, желмогузду да жеӊет»,- деди маек башы каарманым. «Инсан жана мезгил» аталышындагы биографиялык китебинде да автор өз жашоосундагы ЖЕЛМОГУЗДАР менен болгон согушун укмуш жазат. Анын «желмогуздары» ашынган улутчул тили буруулар, айдатма, чала сабат кыргыз интелегенттери анан көралбастык, ачкөздүк, билимсиздик, көрпендечилик болот.
— Орус тилинде – да, нет,- деген эки ооз сөз билбегеним менен МУШТУМ деген эл аралык тилди мыкты билээр элем,- дейт Мамбет ага. Дарыгердин өз өмүрүн чагылдырган «Инсан жана мезгил» китебин окуган адам авторду кинодон көргөндөй көрүп олтурат. Анын ичинде чоӊ муштум, орой бирок ошол эле саам өжөр, тайманбас, беттегенин бербеген кыргыздын КӨК ЖАЛ жигитинин образын көрөсүӊ. Аны менен кошо ызаланасыӊ!
Кыргызда ишине сөзү, сөзүнө өзү дал келген үлгү инсандар аз. Анча-мынча мекенчил мага окшош, жашык бирөө кадимкидей ыйлап, күлүп, отура калып, тура калып окушу толук мүмкүн. Себеби ал китепте жалгыз Мамбет Мамакеевдин тагдыры эмес, жалпы КЫРГЫЗ МЕДИЦИНАСЫНЫН тагдыры, кыргыз интеллигенциясынын баскан жолу, өз мекенинде өз тилинде сүйлөшө албаган улуттун кордугу жазылган.
Казак акыны Мухтар Шахановдун,
— Жер бетинде жел учурган из азбы,
Жигерсиздин өрүшү ар кез тар болгон.
Отузунда кемпир болгон кыз азбы?
Жигит азбы отуз беште чал болгон?,- деген керемет ыры бар. Бул бизди айткан. Бизде азыр оттой жанар 30 жашында быкшып, түтөп калган жигиттер, 35 жашында тиши түшүп, саксайып кемпир болгон келин-кесек ого эле арбын. Атаӊгөрү…
Спорттук кийим кийип, маек арасы операциядан кийин кыйналып жаткан оорулуусуна барып келе калганга жетишкен карыя дарыгер мени кадимкидей ойлонтту. Күчтөндүрдү, уялтты. Себеби мен да 20, 30 жашында эле токтоп калган сааттай болгон ЖАЛКОО, жатып ичер, жанын өлө аяган, “халтурасы” ашынган муундун адамымын да.
– Максаттар көп, азыр да алдуу, күчтүүмүн, кулак гана бир аз укпай калды, бирок бул кулак кемсинтүүнү да, жемени да, мактоо- даӊктоону да уккан мыкты кулак, кулагыма рахмат,- деп тамаша-чынын аралаштыра күлүп олтурду дарыгер. Ал арада «Карылык», «Хирургдун күндөлүгүнөн» деген китептерди белек кылууга үлгүдү мага.
Баарынан да күнүнө 30- 40 мүнөтүмдү жүгүрүүгө арнаганыма дердейип жүргөн мени, Мамбет аганын жашоо образы сүрдөттү. — Тамекисиз, араксыз жашоо менин негизги табылгамдыр,- деп болгонун болгондой айта салган 92 жаштагы ак сакал дарыгер бир күндөгү 120 мүнөтүн спортко арнайт экен.
Окурманым, сиз канча мүнөтүӊүздү спортко арнайсыз?..
Журналист Жазгүл Жамангулова