Биз менен байланышыңыз

Тик учак кырсыгы. Иран президентинин абалы азырынча белгисиз

Дүйнө , Кыска кабар | 19 мая 2024 | 562 | 0

Бүгүн, 19-майда Ирандын президенти учуп бара жаткан тик учак кырсыктады.

Учурда Иран президенти Ибрахим Раиси менен тышкы иштер министри Хусейн Амир Абдоллахияндын абалы тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Reuters агенттиги экөөнүн тең өмүрү коркунучта экенин жазды. Алар өкмөткө жакын ишенимдүү булактарына таянып, «Кырсык катталган жерден алынган маалыматтар тынчсызданууну жаратууда, ошого карабастан биз жакшы кабар күтүп жатабыз», — деп айтканын жазган.

Белгилей кетсек, бүгүн Иран президенти тик учак менен Азербайжанга учуп келген. Анда Азербайжан президенти менен Илхам Алиев менен жолугушкан. Ал тик учак менен учуп бара жатып, коюу тумандан улам тик учак Иран-Азербайжан чек арасындагы тоолуу аймакка конууга мажбур болгон.

Ирандын расмий маалымат булактары коюу туман куткаруу иштерин кыйындатканын жазды. Ал арада Ирандын бардык телеканалдарында программалар токтотулуп, калктан президенттин аман-эсен табылуусу үчүн дуба кылган жарандар көрсөтүлүүдө. Ошол эле убакта куткаруу иштери да түз эфир аркылуу көрсөтүлүп жатканы айтылды.

63 жаштагы Ибрахим Раиси 2021-жылы президент болуп шайланган. Ал эки турга созулган шайлоо процесси менен келген. Бийликке келгенден кийин бийликке каршы нааразычылык акцияларына чыккандарга карата катаал жазалары менен таанымал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM