Биз менен байланышыңыз

Казакстанда бир жумада коронавирустан 146 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Авг 2020 | 383 | 0

Казакстанда 10-августтан баштап 16-августка чейин коронавирус инфекциясынын кесепетинен 146 адам каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшкөн ыкчам штаб билдирди.

Учурда Казакстанда коронавирустан жалпы 1415 адам көз жумду. Пандемия башталгандан бери 103 миң 300 адам коронавирус менен катталды.

Казакстан бийлиги вирус жуктурган учурлар азайганына байланыштуу 17-августтан тарта карантин чараларын жумшарта баштады.

Copyright © 2017 Maral FM