Биз менен байланышыңыз

Боронов Мишустин менен Кыргызстанга келүүчү гуманитардык жардам тууралуу сүйлөштү

Кыска кабар | 18 Июл 2020 | 296 | 0

Премьер-министр Кубатбек Боронов жана Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өкмөт башчылар түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды жеңүүдө өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты. Тараптар кыргызстандык жакка берилүүчү кезектеги гуманитардык жардам тууралуу сүйлөшүштү.

Белгилей кетсек, бул жолугушуу Минск шаарында (Беларусь Республикасы) өтүп жаткан Евразия экономикалык бирлигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында болуп өттү.


Боронов коронавирусту жеңүүдө ЕАЭБдин күч-аракетин бириктирүүнү сунуштады

Copyright © 2017 Maral FM