Connect with us

УКМКнын академиясына курсанттар кабыл алына баштайт. Талаптар

Кыска кабар | 14 Ноя 2024 | 271 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин академиясы 2025-2026-окуу жылдарына курсанттарды кабыл алууну жарыялады.

Академияда окууну каалагандарга төмөнкүдөй талаптар коюлган:

-жашы 17-21 жашка чейин;

-бою 170 см жогору;

-салмагы кеминде 60 кг;

-билими, орточо баллы 4,0 төмөн эмес (окуудагы жетишкендиги жөнүндө табель) толук орто билими жөнүндө аттестат же кесиптик орто билими жөнүндө диплому;

-өзү, жакын туугандары сот жообуна тартылбаган болушу керек,

өзүнүн, жакын туугандарынын чет мамлекеттин жарандыгы жок болушу керек.

Аңгемелешүүдөн өткөн талапкерлер, тандоо сынактарынын төмөнкү этаптарына киргизилет:

— дарыгерлердин күбөлөндүрүүсүнөн өтүү;

— дене тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруу;

— психофизиологиялык күбөлөндүрүүдөн өтүү (IQ-тести);

— полиграфты колдонуу менен атайын психофизиологиялык изилдөө жүргүзүү;

— кирүү экзамендерин тапшыруу.

17-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант Анарбек Бакаев атындагы академиясы ачылган.  Президент Садыр Жапаров академиянын ачылышында ушул убакытка чейин улуттук коопсуздук органдарына керектүү адистер Орусиядагы окуу жайларда окуп келгенин, эми өлкөдөгү академиядан даярдаларын айткан.

Академия кесипкөй чекисттерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу багытында илимий жана усулдук борбору бар, адистештирилген жогорку окуу жай болот.

Жетекчилик курам үчүн кадрларды укуктук башкаруу жаатында окутат. Ошону менен бирге коопсуздукка байланыштуу маселелерде илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп, мыйзамдарга сунуштар иштелип чыгат.

Академия мындан сырткары, чалгындоо, чалгынга каршы жана ыкчам-издөө иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон кесиптик жөндөмдөрдү өркүндөтүү жаатында иш алып барат. Аскердик адистер үчүн кесиптик даярдоо программасы боюнча 5 жылдык мөөнөттө окутуу каралган, ошондой эле ыкчам курам үчүн 1 жылдык мөөнөттөгү кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу курстары уюштурулган.

Окууга документтерди кабыл алуу күнү жөнүндө кошумча маалымат берилет. Кененирээк маалыматты www.gknb.gov.kg расмий сайтынан алууга болот.

Аймактарда жашаган талапкерлер төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

— Бишкек шаарынан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Бишкек ш., Жибек-Жолу көч., 322-үй, тел.: 0 (312) 66-04-75;

— Чүй облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Бишкек ш., Кийизбаев көч., 206-үй, тел.: 0 (312) 54-07-19;

— Ош шаары жана Ош облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Ош ш., Баялинов көч., 5-үй, тел.: 0 (3222) 7-32-32;

— Жалал-Абад облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Жалал-Абад шаары, Байзаков көчөсү, 53-үй, тел: 0 (3722) 5-60-49;

— Баткен облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Баткен ш., Курманжан Датка көч., 15/2-үй, тел.: 0 (3622) 5-00-33;

— Талас облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Талас шаары, Карл-Маркс көчөсү, 27-үй, тел.: 0 (3422) 5-20-43;

— Нарын облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Нарын шаары, Ленин көчөсү, 86-үй, тел.: 0 (3522) 5-04-19;

— Ысык-Көл облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча маектешүү жүргүзүлөт: Каракол шаары, Кутманалиев көч., 148-үй, тел.: 0(3922) 5-11-80.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM