Биз менен байланышыңыз

Боронов коронавирусту жеңүүдө ЕАЭБдин күч-аракетин бириктирүүнү сунуштады

Кыска кабар | 18 Июл 2020 | 693 | 0

Коронавирусту Евразия экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин жалпы күч-аракети аркылуу гана жеңе алабыз. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Минск шаарында өткөн Евразия экономикалык биримдигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында айтты.

«Медицина кызматкерлери COVID-19 жана башка оорулардын  эпидемиологиясы, клиникасы, дартты аныктоо жана алдын алуу маселелери боюнча биримдикке мүчө мамлекеттердеги кесиптештеринин колдоосуна муктаж болуп турат. Жугуштуу оорулардын жайылышына жооп кайтаруунун макулдашылган алгоритмин жөнгө салган сунуштамаларды иштеп чыгуу – бири-бирибизди колдоонун кошумча каражаты болуп калат», — деди Боронов.

Анын пикиринде, COVID-19 вирусунун жайылышы экономикалык активдүүлүктү төмөндөтүп, Евразия экономикалык биримгиндеги өз ара сооданын да темпин басаңдатты.

«Учурда колдо болгон мүмкүнчүлүктү гана колдонбостон, бардык тоскоолдуктарды четтетүү, бизнеске колдоо көрсөтүү аркылуу жаңыча мамилелерди киргизүү керек деп эсептейм. Калкты азык-түлүк менен камсыздаган чакан жана орто ишкерликти сактаган, ЕАЭБ ички рыногунда товарлардын жана эмгек ресурстарынын эркин жүрүүсүн шарттаган чечимдерди кабыл алыш керек. Агрардык индустрияны өнүктүрүү экономиканын артыкчылыктуу тармагы болуп саналат. Бул айыл чарбасын жана өнөр жайды туруктуу өнүктүрүү системасын уюштурган шартта интеграциялык дараметти натыйжалуу пайдалануунун куралы болуп калат», — деди Боронов.

Ал Кыргызстан биримдиктин алкагында импорттун ордун алмаштырууну өнүктүрүү жана өндүрүштүн кооперациялык чынжырчасын түзүү аркылуу узак мөөнөттүү байланыштарды түзүүгө кызыкдар экендигин айтты.

«Евразия экономикалык комиссиясы бул маселеге кошулуп, биздин өлкөлөрдүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты камсыздоого тийиш. Бул долбоорго ЕАЭБдин учурда иштеп жаткан финансы институттары: Евразия өнүктүрүүнү турукташтыруу фонду жана Евразия өнүктүрүү банкы да тартылышы керек. ЕАЭБ бирдиктүү өнүктүрүү институтун түзүү демилгесин талкуулоо иштерин улантуу маанилүү. Ошону менен бирге түздөн-түз Евразия экономикалык бирлиги менен Евразия өнүктүрүү банкынын ишмердүүлүгүн жогорулатуу боюнча программа даярдоону сунуштайбыз», — деди премьер-министр.

 

Copyright © 2017 Maral FM