Биз менен байланышыңыз

Марипов менен Мишустин жолугушту

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 449 | 0

Орусиянын Казань шаарында премьер-министр Улукбек Марипов Орусиянын Өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен эки тараптуу кызматташтыктын абалын талкуулады. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов Орусия тарапка «Спутник V» вакцинасынын биринчи партиясын гранттык негизде бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

Премьер-министр Улукбек Марипов Михаил Мишустинди ушул жылдын күз мезгилинде Бишкек шаарында өтө турган эриш-аркак жылдын жабылуу аземине келип кетүүгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM