Биз менен байланышыңыз

Иран бүгүн эки окуяга байланыштуу аза күтүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Янв 2020 | 942 | 0

Иран бийлиги 9-январды мамлекеттик аза күтүү күнү деп жарыялады. Бул тууралуу өлкө бийлигинин расмий өкүлү Али Раби билдирди.

Маалыматка ылайык, Иран бүгүн эки окуяга байланыштуу аза күтүүдө. Мындай чечим генерал Касем Сулеймани менен коштошуу зыйнатында адамдар тебелендиде калып өлгөнүнө байланыштуу кабыл алынган. Ирандын Кырман аймагында өткөн коштошуу зыйнатында 56 киши каза болгон.


Генерал менен коштошууга 2 млн киши келип, 38 адам каза болду [фото]


Андан сырткары, аза күтүү Иранда кырсыктаган украиналык Boeing 737 учагында өлгөндөргө арналат. Тегерандагы авиакырсыктан 167 жүргүнчү жана экипаждын 9 мүчөсү каза болду.


Иран: Кулаган учактагы 167 жүргүнчүнүн баары каза болду [фото]

Copyright © 2017 Maral FM