Биз менен байланышыңыз

Генерал менен коштошууга 2 млн киши келип, 38 адам каза болду [фото]

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Янв 2020 | 4976 | 0

Иранда 2 миллиондон ашык адам Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири, «КУДС» элиталык аскердик бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулеймани менен коштошуу үчүн чогулушту.

Акыркы сапарга узатуу аземинде, аятолла Али Хаменеи көзүнө жаш алды

Генерал менен коштошуу зыйнатынан бир ирмем:

Миңдеген эл – эркектер-аялдар, жаштар-карылар, карапайым калк менен кошо, аятолла Хаменеи баштаган жогорку даражалуу өкүлдөр… Ирандагы мындай коштошуу зыйнаты 1989-жылы көсөм Хомейнинин өлүмүнөн бери алгач ирет өтүп жатат.

Генерал менен коштошуу зыйнатына 2 миллиондон ашык эл келди. Элдин көптүгүнөн улам 35 адам каза болуп, 48 киши жараланды.

62 жаштагы генерал Сулеймани 3-январда Багдад аэропортунун жанында АКШ президенти Дональд Трамптын буйругу боюнча АКШ куралдуу күчтөрү тарабынан урулган аба соккусунан улам мерт болгон.

Иран парламенти Пентагонду террордук уюм деп тааныды

Copyright © 2017 Maral FM