Биз менен байланышыңыз

Иран: Кулаган учактагы 167 жүргүнчүнүн баары каза болду [фото]

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Янв 2020 | 3031 | 0

Иранда кырсыкка кабылган учактагы жүргүнчүнүн баары каза болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги Ирандын телеканалдарына шилтеме жасап жазды.

Тегерандагы эл аралык Имам Хомейни атындагы аэропортто Украинага тиешелүү лайнер кулаган. Киевге карай жол тарткан учак абага көтөрүлгөндөн кийин эле кырсыкка кабылган. Буга техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгону айтылып жатат.

Ирандын аба кызматкерлери Украинанын Boeing 737 учагында жалпы 167 жүргүнчү болгонун тастыктады. Буга чейин 180 жүргүнчү болгону айтылган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM