Иранда кырсыкка кабылган учактагы жүргүнчүнүн баары каза болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги Ирандын телеканалдарына шилтеме жасап жазды.
Тегерандагы эл аралык Имам Хомейни атындагы аэропортто Украинага тиешелүү лайнер кулаган. Киевге карай жол тарткан учак абага көтөрүлгөндөн кийин эле кырсыкка кабылган. Буга техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгону айтылып жатат.
Ирандын аба кызматкерлери Украинанын Boeing 737 учагында жалпы 167 жүргүнчү болгонун тастыктады. Буга чейин 180 жүргүнчү болгону айтылган болчу.
We are following reports that a Ukrainian 737-800 has crashed shortly after takeoff from Tehran. #PS752 departed Tehran at 02:42UTC. Last ADS-B data received at 02:44UTC. https://t.co/qXWHUPGDTu pic.twitter.com/vuAi6TOqTp
— Flightradar24 (@flightradar24) January 8, 2020