Биз менен байланышыңыз

2019-жылы эң көп зыян келтирген табигый кырсыктар [фото] 

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Дек 2019 | 1310 | 0
2019-жылы дүйнө боюнча ар бири 1 млрд доллардан ашык зыян келтирген 15 ири табигый кырсыктар катталган. Бул статистиканы табигый кырсыктан жабырлануучуларга көмөк көрсөтүүчү Christian aid гуманитардык уюму эсептеп чыккан.

2019-жылда болуп өткөн  жети табигый кырсыктын ар бири 10 миллиард доллардан ашык чыгым келтирген. Эң ири табигый сокку АКШ, Япония, Кытай жана Индияда катталган.

Маалыматка ылайык, эң чоң зыян келтирген табигый кырсык АКШнын Калифорния штатында октябрь-ноябрь айларында токойду каптаган өрт болду. Андан мамлекет 25 миллиард долларлык зыянга дуушар болгон.

2-орунда 15 миллиард долларлык чыгым жаратып, өлкөнү бир топ кыйраткан Япониядагы октябрда катталган Хагибис тайфунун атаган.  Буга сентябрдагы Факсай тайфуну келтирген зыянды кошуп эсептегенде жалпы чыгым 24 миллиард долларга жеткен.

Япониядагы тайфундун кесепети [таасирленткен сүрөттөр]


3-орунда АКШнын Орто Батышындагы март айынан июнь айына чейин уланган суу ташкындары 12,5 млрд доллардан ашык чыгым келтирген.

4-орунда Кытайга 12 млрд долларлык зыян келтирген июнь-август айларындагы ташкындарды кошсок болот

5-орунда Багам аралдарын талкалаган сентябрь айындагы Дориан бороону 11,4 млрд доллар чыгым келтирген.

Индияда июнь-октябрдагы суу ташкындары жана августтагы Лекима бороону 10 млрд доллардан ашык чыгымга алып келди. Индиядагы суу ташкындары 2019-жылдагы табигый кырсыктардын ичинен эң көп адамдын өлүмүнө себепчи болгон. Каза болгондордун саны 2400гө чамалады.

Африка үчүн эң ири табигый кырсык Идай циклону болду. Циклон 4-21-март күндөрү аралыгында Мозамбик, Мадагаскар, Зимбабве жана Малави өлкөлөрүндө эки ирет катталып, ири ташкындарды жаратты. Анын кесепетинен 1,3 миң киши каза болду.

Уюмдун белгилегенине караганда, 2019-жылы ири экономикалык чыгымдарды алып келген коркунучтуу табигый катаклизмалар көп катталды.

Copyright © 2017 Maral FM