Биз менен байланышыңыз

Японияда бороондун кесепетинен каза болгондордун саны өсүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Окт 2019 | 607 | 0

Японияны каптаган «Хагибис» тайфуну алып келген суу ташкындын кесепетинен каза болгондордун саны 66га жетти. Бул тууралуу Киодо агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, тайфундан 16 аймактагы 181 өзөндүн суусу ташыган. Бул 10 миңдей үйдү суу астында калтырды. 133 миң үй таза суусуз, 34 миң үй дагы деле жарыксыз калууда. Оңдоп-түзөгөнгө чейин 520 миң турак жай жарыксыз болчу. Табигый кырсыктан 66 киши каза болду. Дагы 15 киши дайынсыз  жоголгон, 212 киши ар кандай жаракат алган. Кырсык орун алган аймактарда 110 миңден ашуун коргоо кызматкерлери, милиция жана куткаруу топтору иш алып барышууда.


«Хагибис» тайфуну: Соңку 60 жылдагы эң күчтүү тайфун [видео]

Япониядагы тайфундун кесепети [таасирленткен сүрөттөр]

______________________________________________________________________________________________________________________________________

«Хагибис» аталышындагы тайфундун келтире турган кооптуулугу 19 деген номер менен бааланып, ал өмүргө коркунуч жарала тургандыгы боюнча белги экенин айтышат. Бийлик бул жолку табигый кырсык 1958-жылы катталган коркунучтуу тайфунду кайталайт деп кооптонууда. Ошол учурдагы «Каногава» тайфуну 1200 адамдын өмүрүн алган.

Copyright © 2017 Maral FM