Биз менен байланышыңыз

«Хагибис» тайфуну: Соңку 60 жылдагы эң күчтүү тайфун [видео]

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Окт 2019 | 6918 | 0

Катуу бороон, кара нөшөр Япониянын бир топ бөлүгүн каптады. «Хагибис» тайфуну акыркы 60 жылдагы эң күчтүү кара бороон болушу ыктымал. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, учурда тайфундун айынан эң аз дегенде 25 адам каза болгон. Дагы 22 адам дайынсыз жоголууда жана 160тан ашык киши ар кандай жаракат алган.

Кырсыктын айынан 7 миллиондон ашуун тургун үй-жайын таштап, коопсуз жайларга кетүүгө мажбур болушууда. Бирок азырынча убактылуу жашоочу жайларга 50 миңдей эле адам барган.

«Хагибис» аталышындагы тайфундун келтире турган кооптуулугу 19 деген номер менен бааланып, ал өмүргө коркунуч жарала тургандыгы боюнча белги экенин айтышат. Бийлик бул жолку табигый кырсык 1958-жылы катталган коркунучтуу тайфунду кайталайт деп кооптонууда. Ошол учурдагы «Каногава» тайфуну 1200 адамдын өмүрүн алган.

«Хагибис» тайфуну  түштүктөн чыгышты көздөй жылып келе жатат. Анын борбордук бөлүгүндө басымдын күчү 935 гектопаскаль, ал эми ылдамдыгы секундасына 45 метр, катуулап кеткенде 65 метрге чейин жетүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM