Биз менен байланышыңыз

АКШ: Өрттөн каза болгондордун саны 60ка жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Ноя 2018 | 775 | 0

Американын  Калифорния штатында уланып жаткан Camp өртү жалпысынан 60 кишинин өмүрүн алды. Дагы 130 адамдын дайыны билинбей жатат.

Өрт жалмаган аймактын аянты 55 миң гектарга жетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги басаңдаган шамалдын ылдамдыгынан пайдаланып өрттүн үчтө бирин өчүрүүгө жетишкен. Бирок негизги бөлүгү техниканын жете албай турган жерлеринде болгон үчүн өчүрүү мүмкүн болбой жатканы кабарланууда.

Жергиликтүү бийликтин билдиришинче дагы 228 адам издөө иштерине аралашты. Жалпысынан 461 адам жана 22 атайын үйрөтүлгөн ит жоголгондорду издөөдө.

Аймакка ДНКны аныктоочу система орнотулуп, өлгөн денелерди таанууну тездештирүүдө. Акыркы маалыматтар боюнча 47 кишинин өздүгү такталды.

Эске салсак, бир жума мурда башталган тилсиз жоо өтө тездик менен жайылып олтуруп, калктуу аймакты каптаган. 300 минден ашуун адам эвакуацияланып, алдын алуу иштери жүргүзүлгөн. Тилсиз жоо 6000ден ашык турак-жайды жараксыз абалга келтирди. Арасында белгилүү кино жана музыкалык студиялар, атактуу артисттердин үйлөрү да бар.

Бул өрт Американын  тарыхындагы эң өлүмчүл табият кырсыгы болуп калды.

Copyright © 2017 Maral FM