Биз менен байланышыңыз

«Дориан» бороонунан каза болгондордун саны өсүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Сен 2019 | 478 | 0

Багам аралдарын талкалаган «Дориан» бороонунун айынан каза болгондордун саны 50гө жетти. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Буга чейин 45 адам каза болгондугу айтылган болчу. Учурда көпчүлүк тургундар дайынсыз жоголгонуна байланыштуу бул эсеп дагы да өсөөрү болжолдонууда. Ылдамдыгы саатына 300 километрге чейин жеткен бороон Багам аралдарында 13 миңдей турак жайды кыйраткан.

Бороон 1-сентябрда катталган. Ошол кезде НАСА Флоридага багыт алган «Дориан» бороонунун тасмасын жарыялаган соң, Дональд Трамп Польшага пландалган сапарын да токтоткон.

Copyright © 2017 Maral FM