Биз менен байланышыңыз

Индия: Катуу нөшөрдөн каза болгондордун саны 2400гө жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Ноя 2019 | 923 | 0

Индияда жайдан бери муссондук жаандын айынан каза болгондордун саны 2400гө чамалады. Бул тууралуу өлкөнүн ИИМи билдирген.

Нөшөрлүү жаандан улам жаралган суу ташкыны, аймакты каптаган селден Индиянын бир топ штаттары жапа чеккен.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, 2391 адам муссондук жаандын курмандактары болушкан. Андан сырткары, 15729 жандык суу астында калып, 800 турак-жай жабыркаган.

Издөө тобу 100 миңдей адамды куткарып, 24 миң жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Түштүк Азияда катталуучу муссондук жаандар жыл сайын масштабдуу кырылууга алып келет.

Copyright © 2017 Maral FM