Биз менен байланышыңыз

Кытайда суу ташкынынан 60 киши каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Июл 2019 | 616 | 0

Кытайдын сегиз облусунда бир айдан бери тынымсыз жааган жаандан улам 60 адам каза болуп, 14 адам дайынсыз жоголду. Бул тууралу РИА Новости билдирди.

Маалыматтар боюнча, Кытайдын сегиз облусунда Чжэцзян, Фуцзянь, Цзянси, Хунань, Гуандун, Гуйчжоу аймактарында тынымсыз жаан жааган. Бул аймакта 49 шаар жана 5,3 млн калк бар. Анын ичинен 356 миң жашоочу коопсуз жерге көчүрүлдү.

Кытайдын 270 миң гектар эгин талаалары, 93 миң турак жай талкаланган. Мунун чыгымын эсептеп көргөндө 13,3 млрд юанды ( 2 млрд $) түзөт.

Эске алсак, буга чейин Кытайдын чыгыш Фуцзянь аймагында катуу жааган жамгырдан улам суу ташкыны болуп, анда 24 адам жоголгон.

Copyright © 2017 Maral FM