Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Чегерүүлөр кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө эмес, казынага түшүүсү керек

Кыска кабар | 27 Дек 2019 | 421 | 0

Мыйзам боюнча чегерүүлөр кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө эмес, казынага түшүүсү керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңештин жыйынында билдирди.

«Өлкө аймагына катталбаган товарларды ташып келүү, ошондой эле уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча кабыл алынган чараларга байланыштуу маселелер бүгүнкү жыйындын күн тартибинде турат», — деди Абылгазиев.

Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик фискалдык жана укук коргоо органдарынын жетекчилери баяндама жасашты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тармактык мамлекеттик органдардын катталбаган продукцияларды ташуу менен күрөшүү боюнча  иши жетишсиз деңгээлде болуп жатканын белгиледи.

«Республиканын аймагына катталбаган продукцияларды ташуу учурларын жоюу боюнча чараларды күчөтүү керек, кызматкерлердин кызыкдар тараптар менен ич ара сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн жоюу менен коррупциялык тобокелчиликтерди аныктоо жана четтетүү зарыл», — деди Өкмөт башчы.

Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңештин жыйынынын жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик органдарга катталбаган товарларды ташып келүү учурларын алдын алуу жана жоюу боюнча ыкчам көзөмөлдөө жана рейддерди өткөрүүнү күчөтүү тапшырмасы берилди.

Copyright © 2017 Maral FM