Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.
«Манас» эл аралык аэропортунан аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму – «тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө» максатын көздөгөн эл аралык уюм.
Уюмга Орусия, Армения, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мүчө болуп саналат.