Биз менен байланышыңыз

Латын арибине өтүү маселеси кайра көтөрүлдү

Коом , Саясат | 8 мая 2024 | 1719 | 0

Кыргызстанды латын арибине өткөрүү маселеси кайра көтөрүлдү. Бул боюнча Бакуда өткөн Түрк дүйнөсүнүн орток алфавити боюнча комиссиянын экинчи жыйынында белгилүү болду. Ага Түркия, Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түндүк Кипрдин окумуштуулары катышты. Латын алфавитине негизделген түрк дүйнөсүнүн орток алфавитин түзүү боюнча иштердин жүрүшү жана аны жайылтууга байланыштуу иш-чаралар планы талкууланды. Анда түрк тилдүү мамлекеттердин ичинен Кыргызстан жана Казакстан гана латын арибине өтө электиги айтылды. Кыргызстандын латын арибине өтүү мүмкүнчүлүгү барбы? Коом аны кандай кабыл алат? 

Бакуда Түрк дүйнөсүнүн орток алфавити боюнча комиссиянын экинчи жыйыны өттү.

Анда Түрк тил коомунун жетекчиси Осман Мерт түрк дүйнөсү жазуу жүзүндөгу байланышка муктаж жана бул демилгелердин алкагында жоопкерчиликтүү кадамдарды жасап жатканын белгиледи.

Анын айтымында, түрк мамлекеттери орток алфавитке өтүүдө олуттуу академиялык ийгиликтерге жетишти, бирок саясий чечимдерди кабыл алуу бир аз убакытты талап кылышы мүмкүн.

«Советтер Союзунун ыдырашы менен эгемендүүлүккө ээ болгон түрк мамлекеттери үчүн бүгүн жаңы барак ачылып жатат. Бул жолугушууда болгон нерсе тарыхый миссияны ишке ашыруу. Биз жазуу жүзүндө баарлашышыбыз керек жана буга жетишишибиз керек. Түркия, Азербайжан, Өзбекстан жана Түркмөнстан латын алфавитин колдонушат. Эми бул иш Казакстан менен Кыргызстанга калды. Казакстан латын алфавитине 2025-жылга чейин өтүшү мүмкүн. 2026-жылы Биринчи түркологиялык конгресстин 100 жылдыгы белгиленет. Ошол датага чейин жалпы алфавит темасын бүтүрөбүз деп турабыз. Тарых бизге бул жоопкерчиликти жүктөдү, биз дагы чечкиндүү болушубуз керек».

Буга чейин экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда да латын арибине өтүү маселеси көтөрүлгөн. Ал өлкөнүн позициясы катары латын алфавитине өтүүнүн кажети жок экенин айткан.

Бүгүнкү күндө адистердин айрымдары латын арибине өтүүнү туура көрсө, кээ бирлери каршы болууда.

Филология илимдеринин кандидаты, доцент Зарыл Алымбаева тилчи катары латын арибине өтүүнү колдойт.

Ал латын арибине өтүүнүн келечеги бар экенин, аны дүйнө жүзү колдонорун белгиледи.

Алымбаева латын алфавитине өтүүдө Өзбекстандын ыкмасын сунуштады.

«Тилчи катары латын арибине өтүүнү колдойм, келечеги бар. Эмне үчүн дегенде, кириллицаны дүйнө жүзүндө канча адам колдонот. Ал эми латын алфавитин дүйнө жүзүндө канча адам колдонот? Мына ушудан эле мүмкүнчүлүгүн билсек болот. Кантип өтүү керек? Өзбек мамлекетинин латын арибине өтүүдөгүү технологиясы жакшы. Өткөнүнө 10 жылга жакындап калды. Кириллицадан латын арибине өткөн жылдан баштап, мектеп окуучуларына латын арабинде сабактар өтүлө баштаган. Азыркы күндө аларда 2 алфавит тең бирдей колдонулат. Мен жакында Өзбекстанда болдум. Көбүнчө жаштар латын арибинде жазышат экен, улуу муун кириллицаны колдонушат.

Кириллицинын тилге ыңгайлашпаган жерлери бар, ошол үчүн латын арибине өтүүнү колдойм. Өтүү дегенде бардык кириллицаны чийип салып өтүү эмес, өзбек калкындай, акырындык менен өтүү жолун тандасак туура болот деп ойлойм. Жагдай шарты ушундай болуш керек, биз буга чейин латын арибин колдонгонбуз. Кирилицага советтер союзу учурунда биригүүдө өтүүгө мажбурлаган. Ал эми коомчулук негизинен даяр эле болуш керек. Азыркы жаштардын арасында латын арибин колдонуу жайылган, чет тилин өздөштүрүүгө да жеңил болмок. Даярдыгыбыз жок өтө албайбыз деп жүрө берсек өтө албайбыз».

Түрк дүйнөсүндө «алфавит маселеси» көптөн бери чечилбей, бул тууралуу пикирлерге чекит коюлбай келет. Анткен менен Кыргызстандан башка түрк тилдүү өлкөлөр орток латын арибине расмий өтүшкөн. Акыркылардан болуп, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев «Кирилл алфавитинен латын арибине өтүү жөнүндө» буйрукка кол койгон.

Ага чейин Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев 2017-жылы Өкмөткө кириллицадан латын арибине өтүү графигин даярдоону милдеттендирген. Мунун негизинде бул иштерди 2025-жылга чейин аяктоо тапшырылган.

Тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов акыркы жылдары көпчүлүк латын арибине өтүп, Европага жол ачып жатабыз деп ойлоп жатышканын айтты. Ал латын алфавитине өтүүнү кажет эмес деп эсептейт.

«Элдин көбү латын арибине өтүшүбүз керек, аны менен Европага жол ачып жатабыз деп ойлоп жатышат. Түркия элинин алфавити латын арибинен курулган. Кыргызстан, Казакстан, Түркменстан, Өзбекстан, Азербайджан өлкөлөрүнүн ортосунда 1991-жылы латын алфавитинин негизинде орток бир түрк алфавитин түзүү керек деген сөз болгон. Убакыт өтө макул болуп, латын тилине өтүшүп, бирок эч ким түшүнбөгөн, окуй албаган алфавит болуп калып жатат. Өзбекстан мамлекетин мисал катары карасам, жакында эле Өзбекстанга барып келдим. Кириллица алфавитинен латын алфавитине өткөнү, фонетикалык табиятына туура келбейт. Казакстандыкы деле, Түркмөнстандыкы деле ошондой. Кээ бирлер латын алфавитине өтөт десе, англис тилиндегидей кылып түзүп алышты. Ар ким ар кандай кылып жатканын көрүп жатабыз.

Чындыгына келгенде, мунун баары кереги жок. Себеби текстти окуу деген сөз, ариптерди таануу деген сөз эмес, текстти окуунун өзүн техникасы болот. Кийинкисы биз тыбыштык курамыбызды туура чагылдыра алабызбы? Үчүнчүсү, баарыбыз латын арибин кабыл алдык дейли, ар кимибиздин жазганыбыз, окуганыбыз ар кандай болуп жатса, анда өтүп эмне кереги бар? Менин оюм алфавитти кириллица бойдон калтыруу керек. Казак, өзбектер деле латын арибине өткөн бирок көбү кириллицаны колдонушат. Азербайжан дагы деле көнө албай жатып, эми эле латын арибин колдоно баштады. Ал эми биздин нукура алфавитибиз – бул Орхон Эне-Сай ариби болуп эсептелинет».

Өткөн жылы президент Садыр Жапаров Улуттук комиссиянын төрагасына катуу эскертүү берип, тил саясаты, тагыраак айтканда кыргыз тилин латын алфавитине өткөрүү жөнүндө аңдабай айтылган сөздөрдөн карманууга чакырган. Ал кыргыз тилинин латиницага өтүүсү тууралуу сөз кылууга азырынча эрте экенин билдирген.

Анын айтымында, кириллицадагы мамлекеттик тилди талаптагыдай, сабаттуу деңгээлде билүүсүн камсыз кылмайынча, латын алфавитине өтүү тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Азыр бул боюнча маселе жок, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү кириллицада улантуу керек.

Түрк тилдүү өлкөлөр четинен латын арибине расмий өтө баштаган кезден тартып, ар кандай көз караштар, талкуулар жүрүп келет. Бул көрүнүштөрдү кээ бир эксперттер саясий окуялардын бир бөлүгү деп да айтууда.

Copyright © 2017 Maral FM