Биз менен байланышыңыз

БШК Шайлообек Атазовду депутаттык мандатынан ажыратты

Кыска кабар | 8 мая 2024 | 169 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы Шайлообек Атазовду депутаттык мандатынан ажыратты. Мындай чечим БШКнын 7-майдагы отурумунда кабыл алынды.

Жогорку сот Шайлообек Атазовго карата эки инстанциянын чечимин жарым-жартылай күчүндө калтырган.

Жогорку сот Боршайкомдун талапкер Абдурахманхажи Муртазалиев боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп табуу тууралуу чечимин жокко чыгарды. Ошондой эле Шайлообек Атазовду депутат деп таануу тууралуу чечим жокко чыгарылды.

Шайлообек Атазов Жогорку Кеңешке 2022-жылы Свердлов районунан депутат болуп шайланган. Шайлоонун жыйынтыгында аталган округ боюнча Абдурахманхажи Муртазалиев алдыда келе жаткан, бирок добуштарды сатып алуу фактысынан улам анын каттоосу жокко чыгарылган.

Шайлообек Атазов мандаты, Матраимов менен байланышы тууралуу айтты

Copyright © 2017 Maral FM