Connect with us

Шайлообек Атазов мандаты, Матраимов менен байланышы тууралуу айтты

Кыска кабар | 13 Мар 2024 | 423 | 0

Жогорку Кеңештин 13-марттагы жыйынында Шайлообек Атазов депутаттык мандатынын алынышы, Райымбек Матраимов менен байланышы, өзүнө карата каралоолор тууралуу билдирүү жасады.

Ал акыркы бир аптадан бери өзүнө карата каралоолор көбөйгөнүн айтып, фейк аккаунттар «Атазов митинг уюштурат экен» деген кептерди таратып жатканын, ал калп экенин кошумчалады.

Мындан тышкары депутаттык мандатынын алынышына башкы прокурорду күнөөлөп, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы тууралуу айтылгандарга да жооп берди.

«Ошол мандатты эки жылдан бери артымдан кууп жүрүп, башкы прокурор максатына жетти. Кара пиарды ким кылып жатат? Элдин аманатын эртең Кыяматта сураса, ошол жооп берет. «Матраимовго байланышы бар» деп жатасыңар, азыр аны менен байланышы жок кайсы саясатчы бар? Мен кыргыз спортун көтөрүү үчүн Матраимовго чейин да көп адам менен байланышкам. Матраимов менен байланышы бар «майда балыктарды» эмес, эң чоң эки «китти» айтып коёюн, мына башкы прокурор, сиз үч жылдан бери прокурор болуп отурасыз, ал киши (Матраимов) чоң кылмышкер болсо, көрбөй калдыңызбы? Кечээ муфтиятты ачып жатканда эле кармабайт белеңиз?» — деди Шайлообек Атазов.

Атазов мындан тышкары казино тууралуу мыйзам долбоорун колдогону үчүн кечирим сурады.

Акыркы жылдары он чакты депутаттын мандаты алынганын айтып, депутаттарга эркиндик керек экенин кошумчалады.

Сот Шайлообек Атазовду депутаттык мандатынан ажыратты

Бишкек шаарынын административдик соту 6-мартта Шайлообек Атазовду депутаттык мандатынан ажыратты. Маалыматка караганда, Бишкектин административдик соту №29 Свердлов райондук округдан 2022-жылы шайлоого катышкан Абдурахманхажи Муртазалиевге мандат берүү токтомун чыгарган.

2022-жылы февралда №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өткөн.  Себеби 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо бул эки округда «баарына каршы» добуш басымдуулук кылып кеткен.

Шайлоодо №29 Свердлов округуна өткөрүлгөн кайра шайлоонун жыйынтыгында Абдурахманхажи Муртазалиев 17,54% добуш алып, жеңүүчү аталган. Ал эми Шайлообек Атазов 16,28%, Аскар Алмаз уулу 12% добуш алган.

Муртазалиев 22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясына Шайлообек Атазовго байланыштуу чечимди жокко чыгаруу жана аны шайлоонун жеңүүчүсү деп таануу өтүнүчү менен кайрылган. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын кароодон баш тарткан. Андан соң Абдурахманхажи Муртазалиев сотко кайрылган.

Жогорку Сот депутаттыкка талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевди каттоону жокко чыгарган БШКнын чечимин күчүндө калтырган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM