Биз менен байланышыңыз

Трампка импичмент жарыялоо демилгеси колдоо тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Ноя 2019 | 562 | 0

АКШнын Өкүлдөр палатасы президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо иши боюнча иликтөөнүн кийинки баскычына өтүүнү колдоду.

Президенттин ишин иликтөөчү резолюцияны 232 депутат колдосо, 196сы каршы добуш берди. Резолюция ачык угууларды өткөрүүгө, жабык жыйындардагы көрсөтмөлөрдүн стенограммасын ачыкка чыгарууга укук берет.

Бул добуш берүүнүн жыйынтыгы — Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси 24-сентябрда баштаган демилгенин биринчи жолу расмий колдоого алынышы.


Трамп импичмент тууралуу пикирин айтты (видео)


Импичмент жарыялоо процедурасынын башталышы, Трампка болгон ишенбөөчүлүк анын Украина президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу болгон маегинен соң башталган. Чалгынчы АКШнын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантердин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген. Конгресс Трампты чыккынчылыкка айыптоодо. Ал эми Америка лидери Зеленскийден Украинада мурдагы вице-президент, президенттик шайлоого аттанып жаткан Трамптын башкы оппоненттеринин бири Жо Байденге жана анын уулуна карата иликтөө жүргүзүүнү суранганын айтат.


АКШ: Ак үй Трампка импичмент жарыялоо иштерине катышуудан баш тартты


Буга чейин Ак үй Трамптын Зеленский менен сүйлөшүүсүнүн стенограммасын жарыялаган. Ага ылайык, июлдун аягында Трамп украин лидеринен Байдендин уулуна таандык компаниянын ишмердүүлүгүнө көңүл бурууга чакырган. Буга жооп катары Зеленский Киев тергөө иштерин баштай турганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM