Биз менен байланышыңыз

АКШ: Ак үй Трампка импичмент жарыялоо иштерине катышуудан баш тартты

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Окт 2019 | 594 | 0

Ак үй АКШ Конгрессиндеги демократиялык палата өкүлдөрү демилгелеген президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо процессине катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Стефани Гришэмдин катында баяндалат.

Анда «импичмент жарыялоо үчүн президенттин ишин иликтөө мыйзамга дал келбегендиги» айтылат.

Импичмент жарыялоо демилгеси Трамптын украин президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин көтөрүлгөн. АКШ Конгресси Трамп украин президентин өз тарабына тартууда Украинага аскердик жардам берүүнү токтотуп коюу менен коркутушу мүмкүн. Ошондой эле Трамп украин лидери менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө Украинада мурдагы вице-президент, президенттик шайлоого аттанып жаткан Трамптын башкы оппоненттеринин бири Жо Байденге жана анын уулуна карата иликтөө жүргүзүүнү талап кылган. Бирок Трамп бул өтүнүч экенин, эч кандай кысым көрсөтүү болбогонун билдирген.


Трамп импичмент тууралуу пикирин айтты (видео)


Буга чейин Ак үй Трамптын Зеленский менен сүйлөшүүсүнүн стенограммасын жарыялаган. Ага ылайык, июлдун аягында Трамп украин лидеринен Байдендин уулуна таандык компаниянын ишмердүүлүгүнө көңүл бурууга чакырган. Буга жооп кылып Зеленский Киев тергөө иштерин баштай турганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM