Биз менен байланышыңыз

Трамп импичмент тууралуу пикирин айтты (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Сен 2019 | 771 | 0

Дональд Трамп БУУнун Башкы Ассамблеясынын кезектеги сессиясынын экинчи күнү аяктаган соң пресс-конференция өткөрдү. Анда ассамблея тууралуу эмес,  импичмент жарыялоо процедуралары боюнча көз карашын билдирди.

АКШнын президенти Дональд Трамп телефондук сүйлөшүү үчүн импичмент жарыялоо тууралуу Конгресс мүчөлөрүнүн демилгелерин «күлкүлүү» деп атады. Ошондой эле Украина президенти Владимир Зеленский менен болгон телефондук сүйлөшүү эч кандай коркутуулары жок эле, жакшы деңгээлде жүргөнүн белгилеген.

Буга чейин Ак үй Трамптын Зеленский менен сүйлөшүүсүнүн стенограммасын жарыялаган. Ага ылайык, июлдун аягында Трамп украин лидеринен Байдендин уулуна таандык компаниянын ишмердүүлүгүнө көңүл бурууга чакырган. Буга жооп кылып Зеленский Киев тергөө иштерин баштай турганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM