Биз менен байланышыңыз

Акаев: Биз коңгуроо какпаганда, ким кагат?

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Окт 2019 | 2242 | 0

Ишкерлерге кол салгандар — мурда кылмыш иши козголуп, бирок түрмөдө жатпай бат эле бошонуп кеткен адамдар. Эгерде алар буга чейин мыйзам чегинде жазасын алганда, ишкерлерге кол салуу азыркыдай болмок эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, акыркы убакта катталган 2 ишкерге кол салуу фактысы өлкөдөгү ишкерлердин коопсуздугу, бизнести, инвестицияны коргоо сыяктуу маселелерди ачыкка чыгарып, коомчулукта талкуу жаратты.

Дайынсыз жоголгон кишинин денеси унаанын багажынан табылды

«Аэропорттун жанындагы окуя боюнча ИИМ каза тапкан жаран таксист болгонун айтып жатат. Бирок бул калп. Биздин маалымат боюнча, ал жерде да ири суммадагы акчаны тоноп кетишкен. Ишкерлерге кол салуу стратегиялык объектте  болуп жатса, биз коңгуроо какпаганда, ким кагат? Ошондуктан өкмөт «маселени саясатташтырбагыла» дебей, ишкерлердин коопсуздугун ойлошу керек. Тескерисинче, өзүң жамансың деп беттен алган саясат жүргүзгөнү жакшы эмес», — деди Акаев.

Эл өкүлү буга кошумча, акыркы 6 айда КРдан 247 млн. АКШ доллары чыгарылып кеткенин белгиледи.

Эске салсак, 23-октябрда Жогорку Кеңеште депутат Жанарбек Акаев учурда Кыргызстанда криминал баш көтөрүп, өкмөт бизнести коргой албай калды деп сындап, Кыргызстандын бүт чоңураак шаарларындагы кафе, машине оңдоочу жайлардан кылмыш чөйрөсүнүн мүчөлөрү ай сайын салык чогултуп жатканын айткан.

Депутат Акаев ишкерлерди криминалдан коргоого чакырды

Copyright © 2017 Maral FM