Биз менен байланышыңыз

Депутат Акаев ишкерлерди криминалдан коргоого чакырды

Кыска кабар | 23 Окт 2019 | 846 | 0

Бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңеште ишкерлердин коопсуздугуна көңүл буруу маселеси көтөрүлдү. Депутат Жанарбек Акаев учурда Кыргызстанда криминал баш көтөрүп, өкмөт бизнести коргой албай калды деп сындады. Дептутаттын маалыматында, Кыргызстандын бүт чоңураак шаарларындагы кафе, машине оңдоочу жайлардан кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрү ай сайын салык чогултат.

Мадина кафесинин ээси мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү бүтүндөй бизнеске, ишкерлерге сокку болду. Азыр Кыргызстанда криминал кадимкидей баш көтөрдү. Мына жарым жылда 247 млн доллар акча мамлекеттен чыгарылып кетти. Чоң компаниялар эле эмес, чакан бизнес ээлери да акчасын өлкөдөн алып чыгып кетип жатат. Ири реформаларды жасоого акча керек дейли, бирок кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүн түрмөгө камаганга да акча керекпи? Буга саясий эрк керек. Президент Японияга же башка өлкөлөргө барып, инвесторлорду чакырып жүргөнү менен өкмөт бизнести криминалдан коргой албай жатат. Бул президентке каршы саботаж. Кыргызстандын бүт чоңураак шаарларындагы кафе, машине оңдогон жайлардан криминал ай сайын салык чогултат. Ички иштер министрлиги бизнести коргосун.

Эске салсак, 19-октябрда ишкер Хуфур Абдурахемандын жансыз денеси Нарындын Кочкор районунан табылган. Ишкер 4-октябрдан бери дайынсыз болуп, изделип жаткан. Ал уурдалып, андан соң мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Өкмөт башчы ушул жуманын башында жыйын өткөрүп, ишкерлер көйгөйлөрүн криминал менен чечпей, милицияга кайрылууну өтүнгөн.

Ишкердин өлүмү инвесторлорду ойго салат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM