Биз менен байланышыңыз

Ишкердин өлүмү инвесторлорду ойго салат

Коом | 22 Окт 2019 | 1185 | 0

Ишкер Хуфур Абдурахемандын уурдалып жана андан соң өлтүрүлүшү боюнча социалдык тармактарда кызуу талкуу жүрүп, ишкерлердин коопсуздук маселеси кайра көтөрүлдү. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул иш боюнча кеңешме өткөрүп, иш дыкат тергелип, коомчулукка жарыяланышы керектигин билдирди. 

Ишкер Хуфур Абдурахеман Бишкек шаарындагы «Мадина» базарында иштечү. Ал 4-октябрь күнү унаасы менен жумуштан белгисиз тарапка кеткен бойдон кайтып келген эмес. Дээрлик эки аптадан соң анын сөөгү Кочкор районундагы жолдон табылган. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын кенже тескөөчүсү Сайкал Садыбакасова бул иш боюнча кылмышкерлердин кармалганы тууралуу маалымат берди.

5-октябрда Бишкек шаарынын тургуну И.З. милицияга кайрылып, 1981-жылы туулган Хуфур Абдурахеман аттуу бир тууганы 4-октябрда «Мадина» базарынан машинасы менен чыгып кеткен бойдон дайыны жок экенин айткан. Шаардык милиция менен Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматкерлери «өтө мыкаачылык менен киши өлтүрдү» деген шектүүлөрдү кармады. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, «адам уурдоо» беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталган. Ыкчам издөө аракеттеринин жыйынтыгында 18-октябрда адам өлтүрүүгө шектелген төрт киши кармалды. Алардын үчөөсү Кыргызстанда туулган болсо, бирөө Казакстанда төрөлгөн. Кармалгандар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Издөө иштеринин алкагында «Сосновка» көзөмөл өткөрүү пунктунан мурда уурдалган BMW Х5 үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Андан аркы текшерүүнүн жыйынтыгында мурда жоголгон Хуфур Абдурахемандын сөөгү Нарын облусунун Кочкор айылында тоого бараткан жолдон 150 метр ары жакта жерге көмүлгөнү белгилүү болгон. Учурда бардык экспертизалар дайындалып, кошумча тергөө амалдары жүрүүдө.

Ал эми окуя боюнча өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жыйын өткөрүп, ишкерлерди, анын ичинен чет элдиктерди, дайыма мыйзамды карманууга жана маселелерди өз алдынча криминал менен чечүүгө аракеттенбөөгө чакырды. Эгерде кандайдыр бир маселе жаралса, өмүрдү жана мүлктү сактоо үчүн милицияга кайрылуу керектигин айтты.

Өкмөт ишкерлерге: Маселелерди криминал менен чечпей, милицияга кайрылгыла

Мамлекет ишкерлердин эмес, жада калса жөнөкөй жарандардын коопсуздугун карай албай жатат

Ал эми шаардык ишкер Хуфур Абдурахемандын уурдалып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү боюнча социалдык баракчаларда ар кандай талкуулар жүрүп жатат. Бул окуя өлкөдө ишкерлердин коопсуздугу коркунучта экенин дагы бир жолу көрсөттү дегендер да бар. Эксперт Руслан Акматбек мамлекет жөнөкөй жарандын да коргой албай жатат деген ойдо.

-Бүгүнкү күндө мамлекет бир гана ишкерлерди эле эмес, жөнөкөй жарандардын коопсуздугун карай албай жатат. Криминал дүйнөсүнүн көйгөйлөрү 2010-жылдын аягында ошол кездеги президент Бакиевдердин учурунда абдан көтөрүлгөн. Бирок мындай көйгөйлөр басылып калган болчу. Бирок иштер кайрадан жанданып, кылмыштар катталып жатат. Албетте, бул сыяктуу көрүнүштөр башка жактан келүүчү инвесторлорду да ойго салбай койбойт. Жөнгө салчу укук коргоо органдары дыкат иш алып барып, тез арада чара көрүшү керек. Антпесе чет элдик жана өзүбүздүн ишкерлердин жашоосу, жасаган эмгектери көрүнбөй, чүнчүп калышат. Инвесторлордон биринчи коопсуздук маселеси чечилсе, алар өзулөрү эле келишет.

Кийинки учурда ишкерлер «коопсуздугубузду карап бериңиздер» деп көп кайрыла баштады

Кыргызстандагы ишкерлердин эл аралык кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков ишкерлер акыркы мезгилде коопсуздукту коргоо маселеси боюнча көп кайрылуу жасап жатканын ачыктады. Ал эгерде өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө бийлик чындап эле кызыктар болсо, алгач коопсуздукту карай турган органдар жандуу жана дыкат иш алып барышы керек деп эсептейт.

-Кийинки учурда ишкерлер тарабынан коопсуздугубузду карап бериңиздер деген сунуштар абдан арбыды. Бул сяктуу мыкаачылык менен өлтүрүү иштери көбөйө берсе, экономикабыз эч качан өспөйт. Жеке инвесторлор эле эмес, өзүбүздүн ишкерлер дел кетип калышы толук мүмкүн. Жаңыдан бутуна туруп келе жаткан ишкерлерди сындыра берсе, албетте, алар деле чочулайт да. Мамлекет тарабынан шарттар түзүлсө, калганын бизнестин көзүн тапкан адамдар өз арабаларын тартып кете беришет.

Азыр Кыргызстанга инвесторлор келбей калышкан, тескерисинче кетип жатышат

Парламенттеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин депутаты Максат Сабиров ишкерлердин коопсуздугу начар каралгандыктан инвесторлордун көбү кетип жатканын мисал келтирди. Ал мыйзамдар жазылып жатканын билдирип, бирок ишке ашыруу үчүн мамлекеттин бюджети жетишсиз деп түшүндүрдү.

-Азыр Кыргызстанга эч кандай инвесторлор келген жери жок. Тескерисинче, качып жатпайбы. Мына быйыл эле 16 инвестор кетип калды. Буга эмне себеп болду? Албетте, коопсуздук маселесине келип такталды. Башка жактын адамдары деле инвестиция саларда жаңылыктарды көрүп, угуп анан баштайт да. Бизде болсо, мыкаачылык менен ишкерлерди өлтүрүп жатышат. Биз өкмөткө бул боюнча мыйзамдарды жазып эле берип жатабыз. Бирок аны толугу менен аткарууга деле каражат керек. А мамлекеттин казынасы жарды.

Эске салсак, ишкер Хуфур Абдурахеман өткөн жумада жоголгон. Ал 4-октябрда «Мадина» базарынан BMW X5 автоунаасы менен чыгып, белгисиз тарапка кеткен. Дээрлик эки аптадан соң анын сөөгү Кочкор районунда кан жолдон 150 метр ары жерге көмүлгөнүн милиция аныктаган. Адам өлтүрүүгө шектүү катары төрт киши кармалып, күбөлөр да сурак берген. Кармалгандардын экөө укук коргоо органдарында мурда иштеп кеткендер болуп чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM