Биз менен байланышыңыз

Өкмөт ишкерлерге: Маселелерди криминал менен чечпей, милицияга кайрылгыла

Кыска кабар | 21 Окт 2019 | 706 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев шаардык ишкер Хуфур Абдурахемандын уурдалып жана андан соң өлтүрүлүшү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев маалымдагандай, ишкерге байланыштуу бардык тиешелүү ыкчам-издөө чаралары көрүлүп, күбөлөр суралды. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында сегиз шектүү кармалып, алар тергөө абагына киргизилген. Ошону менен бирге кылмышка тиешеси бар, анын ичинде ишкердин унаасын сатууга аракеттешкен жарандар аныкталды. Азыр биринчи алынган далилдерди бекемдөө иштери жүрүүдө.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, ишкердин  мыкаачылык менен өлтүрүлүшү коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

«Жарандар, анын ичинде чет өлкөлүк ишкерлер ишкердик менен эркин алектенүүсү үчүн мамлекет ишкерлерди коргоону өзүнүн маанилүү милдеттеринин бири катары көрөт,»– деди Өкмөт башчы.

Буга байланыштуу Өкмөт башчы адам өлтүрүүнү тергөө иштерин аяктап, бардык күнөөлүүлөрдү, анын ичинде «маалымат ташыгыч» ким экендигин аныктоону тапшырды.

«Иликтөөнүн жыйынтыгы менен коомчулукка чуулгандуу кылмыштын майда-баратына чейин маалымат берүү керек. Ошол эле учурда ишкерлерди, анын ичинен чет элдиктерди, дайыма мыйзамды карманууга жана маселелерди өз алдынча криминал менен чечүүгө аракеттенбөөгө, эгерде маселе жаралса, өмүрдү жана мүлктү сактоо үчүн милициячга кайрылууга чакырам», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Copyright © 2017 Maral FM