Биз менен байланышыңыз

Орусияда иштеген кыргыз дарыгерлери Кыргызстанга жардам берүү үчүн келишет

Кыска кабар | 4 Июл 2020 | 1316 | 0

Учурда Бишкек шаарында байкалган жагдайдын терс өнүгүшүнө ар бир аймак даяр болушу керек. Бул тууралуу премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, жагдайдын терс көрүнүшүнө ар бир аймак даяр болуш керек.

— «Вирустун жайылуу толкунун токтотуу үчүн биз бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Бирок абалдын терс өнүгүшүнө даяр болууга милдеттүүбүз. Ооруканаларда орундарды алдын ала даярдагыла. Ошол эле учурда персонал жетишпеген шартта жардам көрсөтүүгө даяр медицина кызматкерлеринин тизмесин даярдоо керек. Учурда эле медициналык персонал жетишпей жатат. Ошондуктан адистерди тартуу иштерин күчөтүү зарыл», — деп белгиледи Өкмөт башчы.

Премьер-министр билдиргендей, Бишкек шаарында 600дөн ашуун кошумча орун даяр. Ошол эле тапта кошумча орундарды жана убактылуу госпиталдарды ачуу иштери планга ылайык уланууда. Окуу жайлардын жатаканаларынын имараттарында керектүү медициналык жабдуулар орнотулуп, дары-дармектер жеткирилүүдө.

Кубатбек Боронов учурда Бишкек шаарынын медициналык кызматкерлерине жардам көрсөтүү үчүн аймактардан ыктыярчылар тартылганын билдирди.

Ошондой эле, Орусияда иштеген кыргыз дарыгерлер жардам берерин билдирген. Жакынкы күндөрү алар учак менен келишет.

Copyright © 2017 Maral FM