Биз менен байланышыңыз

Боронов Өзбекстандын өкмөт башчысы менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 21 Июн 2020 | 841 | 0

Премьер-министр Кубатбек Боронов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Абдулла Арипов Кубатбек Бороновду жогорку мамлекеттик кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

 Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM