Биз менен байланышыңыз

Дайынсыз жоголгон кишинин денеси унаанын багажынан табылды

Кыска кабар | 24 Окт 2019 | 584 | 0

23-октябрда болжол менен саат 20:00 чамасында унаалардын биринин багажынан дайынсыз болуп жаткан 39 жаштагы К.Х. аттуу жарандын денеси табылды. Анын денесин кароо учурунда күч колдонуу белгилери болгон. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Укук коргоо органдарына 23-октябрда Комсомол айылынын тургуну арыз менен кайрылып, 39 жаштагы К.Х. аттуу агасын табууга жардам сураган. Агасы 22-октябрда болжол менен саат 21:20да «Манас» аэропорту тарапка кеткен боюнча үйүнө кайрылып барган эмес.

Аталган факты Жазык кодексинин «Адам өлтүрүү» беренесинин негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тергөө иштери башталды.

Copyright © 2017 Maral FM