Биз менен байланышыңыз

«Кумтөрдөгү» коррупциялык фактылар боюнча тергөө башталды

Кыска кабар | 21 мая 2021 | 1016 | 0

Башкы прокуратура «Кумтөр» алтын кенин изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын материалдарын талдоого алып, анын негизинде коррупциялык укук бузууларды аныктады.

Тактап айтканда, 1992-жылдан 2019-жылга чейинки учурда Кыргызстандын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын айрым жогорку даражалуу жана башка кызмат адамдары «Кыргызалтындын» жетекчилиги менен биргеликте «Камеко», «Центерра Голд Инк» канадалык компанияларынын, ошондой эле «Кумтөр Оперейтинг Компани» жана «Кумтөр Голд Компанинин» өкүлдөрү менен материалдык жана башка кызыкчылыктарын көздөгөн туруктуу байланыштарды түзгөн.

«Кумтөр» алтын кенин көрсөтүлгөн канадалык компаниялар жоопкерчиликсиз иштетүү үчүн Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген бир катар макулдашуулардын кесепетинен жаратылыштын кайра калыптанышына мүмкүн болбогон, мамлекетке миллиардаган зыян алып келген жана өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туулган.

18-майда бул факты Башкы прокуратура тарабынан Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү (коррупция) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Copyright © 2017 Maral FM