Биз менен байланышыңыз

Улан Ниязбеков парламенттин жыйынына келген жок. Депутаттар талап кылышууда

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 1794 | 0

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар депутаттар Ички иштер министри Улан Ниязбековдун парламент жыйынына өзү келбегендигине байланыштуу маселени карашкан жок.

Эрте менен депутаттар Ички иштер министри Улан Ниязбековдун 5-апрелде белгисиз адамдар тарабынан уурдалып, 7-апрелде сөөгү табылган 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча жооп берүүсүн талап кылышкан болчу.

Бүгүн саат 12.00дө Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында «Зордук-зомбулукка каршы» аталышындагы жарандык митинг өтүп, Улан Ниязбековдун элдин алдына чыгып, кыздын өлүмүнө ким жооптуу экенин айтуусун жана анын кызматтан кетүүсүн талап кылышкан болчу. Бирок министр өзү чыкпай, өкүлү чыгып, иш боюнча күнөөлүүлөр жазасын ала турганын айткан.

Митингге чыккандар «Кайдыгерлер министрлик менен зөөкүр кылмышкерлер жазалансын!», «Министр кызматтан кетсин! деген ураан чакырышкан.

Copyright © 2017 Maral FM