Биз менен байланышыңыз

УКМК: Түркиялык ишкерди уурдоого шектелген дагы эки жаран изделүүдө

Кыска кабар | 11 Янв 2022 | 564 | 0

Түркиялык ишкер Селжук Дирликлини уурдоого шектелип, дагы эки адам изделип жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Эске салсак, түркиялык ишкер үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында Кыргызстанга учуп келген. Аны кылмыштуу топ «Манас» аэропортунан документтерин текшеребиз деген шылтоо менен кармап, милиция бөлүмүнө алып келишкен. Түрк ишкери бөлүмдөн тонолуп, тапанча менен коркутулуп, акча, саат, телефон, ноутбук жана башка баалуу буюмдарынан айрылган. Аны башына баштык кийгизип алып барып, жеке менчик үйдө 5 күн кармашкан.

УКМК менен Ички иштер министрлиги биргеликте жүргүзгөн иликтөөнүн негизинде уурдоону уюштурган жаран түркиялык ишкердин досу жана бизнес өнөктөшү экени аныкталган.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 165-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пункту (адам уурдоо) менен иш козголуп, 2021-жылдын 10-декабрында Ахмет Булгурчу менен Азизбек Халтураев, 11-декабрда  «Манас» аэропортундагы аба транспорт башкармалыгынын башчысы Тынчтыкбек Пратов менен Бегимай Жоробаевалар кармалып, 2 айга УКМКнын тергөө абагына камалышкан.

Мындан тышкары иликтөө иштеринин жүрүшүндө 1998-жылы 8-апрелинде туулган Махаматкарим уулу Ниязалы жана 1971-жылы 26-августунда туулган Болот Матраимов аттуу жарандардын уурдоого тиешеси бар экени аныкталып, учурда изделүүдө.

УКМК алар тууралуу кандайдыр бир маалыматтар болсо, (0312) 62-05-85, (0312) 66-04-75, (0312) 62-65-04 жана «102» номурларына чалып коюуну өтүнөт.

Ошондой эле бул адамдардын ижарага алынган батирлерде жана мейманканаларда жашырынып, жанында курал алып жүрүшү мүмкүн экени айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM